Жаңылыктар
Ишкерликти колдоо - өнүгүүнүн ачкычы
Экономика
Ишкерликти колдоо - өнүгүүнүн ачкычы

Өлкө экономикасы пандемиянын шартында кыйын кырдаалды башынан кечирип жатат. Абалдан бизнес чөйрөгө ар тараптуу колдоо, ыгы жок текшерүүлөрдү азайтуу, тиешелүү документтерди берүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана башка ыңгайлуу шарттарды түзүү менен чыгуу пландалууда. Бул боюнча президент өз кайрылуусунда белгилеген.

Бакыт Мамытканов 10 жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Ал айыл чарбасынан тышкары негизги убактысын ресторан бизнесине бөлөт. Айтымында өлкөдө орто жана чакан бизнес маанилүү орунду ээлейт жана мамлекет алардын кызыкчылыгын коргоодо биринчи орунда турушу керек. Ишкер бюрократиялык машакаттар менен бирге байма-бай себепсиз текшерүүлөр жана тиешелүү органдардагы жемкорлук ишкерликке тоскоолдук жаратып, ишти аксатаарын айтат.

Чарбакер субъекттердин ишин жана бизнес-түзүмдөрдү текшерүүдө укук коргоо органдарынын укукка жат аракеттери тууралуу түшүп жаткан даттанууларга, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн токтотуу жөнүндө өтүнүчтөргө байланыштуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттердин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу максатында март айында президент Садыр Жапаровдун “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыккан. Мамлекет башчы кайрылуусунда экономикага пайда алып келчү чөйрөгө аракет жумшалаарын белгиледи.

 Президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында министрлер кабинети план бекитип, келип чыккан маселелерди жөнгө салуу жумуштары колго алынган. Серепчилердин айтымында алдыга коюлган чаралар ишке ашса, кыйын абалда турган экономикага пайда алып келет.