Жазык-укук кодекстерине киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөр өлкөдөгү сот-укуктук реформаларга терс таасирин тийгизет. Бул багыттагы мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү демилгесине байланыштуу өткөн талкууда бир катар эксперттер билдиришти. Иш-чараны “Стратегиялык чечимдер” коомдук фонду уюштурган.
Жазык укук жаатындагы жаңы 5 кодекс жана мыйзамдар 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Анда сот укуктук реформанын негизги максаты- тартип коргоо органдарынын ишин түп тамырынан өзгөртүп, союз маалынан калган катаал мыйзамдарды гумандаштыруу болгон. Бирок, эки жылдан соң жазык кодекстерин кайрадан өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, президенттин жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик жумуш тобу иштеп чыккан өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды.
Юристтер, жаңы өзгөртүүлөр менен өлкө эски мыйзамдарга кайтып, катаал жазалар кайрадан киргизилерин айтышат. Маселен, жаңы беренеге ылайык, айыпталуучу соттун жана тергөөчүнүн чечимдерин көчүрмө кылып алганга укугу жок. Бардык зарыл нерселер колго жазылышы керек. Санарип доорунда мындай демилге сот укук реформасын толук жокко чыгарат дешет адистер. Өзгөртүүнүн мааниси баш мыйзамдагы негизги принциптерге да каршы келет деген пикирлер бар.
Жазык-процесстик кодекстин сунушталып жаткан редакциясында тараптардын элдешүүсү боюнча мүмкүнчүлүктөр да кеңейтилди. Адистердин айтымында, мындай тажрыйба гендердик кылмыштардын- ала качуу, жашы жете электерге ыдык көрсөтүү жана үй бүлөдөгү зордук зомбулуктардын көбөйүүсүн шарттайт. Ал эми азыркы жазык-процесстик кодексте анча оор эмес кылмыштар боюнча тараптардын элдешүү мүмкүнчүлүгү жазылган, бирок оор кылмыштар үчүн мындай жеңилдик.