Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов "Кумтөр" кенинин жамааты менен жолугушту. Ал жамаатка «Кумтөр Голд компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды.
Ошондой эле Улукбек Марипов кен кызматкерлеринин социалдык төлөмдөрдүн сакталышы, эмгек акы, ишкананын келечеги тууралуу суроолоруна жооп берди.
«Кен өз ишин токтотпойт жана штаттык режимде улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар тууралуу кеп болбошу керек. Биздин негизги максат - карапайым жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу. Ачык-айкын жана таза ишибиз аркылуу гана биз ага жетише алабыз», - деди Министрлер кабинетинин башчысы.
Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы боюнча дайындалган.