Жаңылыктар
WTF таэквондо боюнча курама команда Азия лицензиялык мелдешке катышат
Спорт
WTF таэквондо боюнча курама команда Азия лицензиялык мелдешке катышат

WTF таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү 21-22-май күндөрү Амман шаарында (Иордания) өтө турган  Азия лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.   

Курама команданын мүчөлөрү:

1. Марат Ниязов, СЧ, 58 кг;

2. Акбар Айтахунов, СЧ, 80 кг; 

3. Валерий Тен, улук машыктыруучу.  

Белгилей кетсек, курама команда 17-майдан 23-майга чейин  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Амман шаарына жөнөтүлдү.