Жаңылыктар
Бишкектин аймагында 4 айда 845 жол кырсыгы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин аймагында 4 айда 845 жол кырсыгы катталды

Бишкектин аймагында 4 айда 845 жол кырсыгы катталып, 1 миң 84 жаран ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынан 19 киши каза болгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 учурга аз. Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери чыгыш жана батыш автобекеттерде, Ош жана Аламүдүн базарларындагы алыскы аймактарга каттаган таксилердин айдоочуларына жеринен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жолугушуу учурунда кызматкерлер унаалардын техникалык абалы, жарык берүүчү, үн чыгаруучу каражаттардын иштөөсү жана айдоочуларга каттамга чыгуу чурунда уктап эс алып, психологиялык жактан даяр болуусу эскертилди.