Жаңылыктар
Бишкек шаарында жалпы узундугу 4,8 чакырымды түзгөн 7 көчөдө курулуш иштери жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында жалпы узундугу 4,8 чакырымды түзгөн 7 көчөдө курулуш иштери жүрүүдө

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жалпы узундугу 4,8 чакырымды түзгөн борбордун 7 көчөсүндө курулуш иштерин жүргүзүүдө.

 Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Исакеев көчөсүндө Ч.Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки аймакта курулуш иштери жүрүүдө, учурда сугат үчүн арыктар орнотулууда.Ошондой эле Свердлов районунун аймагындагы Гражданский көчөсүндө Т. Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүктө эски асфальт катмарын алуу жана пайдубалын тыгыздоо боюнча жумуштары аяктады, учурда кыртышты тегиздөө иштери жүрүүдө. Ушундай эле жумуштар “Чыгыш-5” кичи районундгы Армия көчөсүндө Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейинки бөлүктө аткарылды. 

Мындан тышкары Ленин районунда Левоневский көчөсүн Л. Толстой көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн пайдубалы даярдалып жатат. Биринчи май районунда Шевченко көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо толугу менен аяктады, анын узундугу 180 погон метр, туурасы 6 метрди түздү.