Жаңылыктар
Германияда жумушчулар жергиликтүү банктын имаратына баруучу тоннелди таап алышты
Кыргызстан жаңылыктары
Германияда жумушчулар жергиликтүү банктын имаратына баруучу тоннелди таап алышты

Германиянын Шпенге шаарында жумушчулар Volksbank имаратына алып баруучу тоннелди таап алышты. Бул тууралуу жергиликтүү Der Spiegel басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-майда банктын жанындагы унаа токтотуучу жайда плиткалар чыгып, шаардык кызматтардын көңүлүн бурган. Жер астындагы түтүк жарылып кетти деп болжолдонгон. Бирок, көйгөйдү чечүү аракетинен кийин трансформатор кутусунан башталган узундугу сегиз метр, туурасы бир метр болгон тоннел табылган.

Банктын өкүлү кол салгандар 23-майда имарат жабык болгон күнү, тагыраагы католиктер менен протестанттар Троица күнүн белгилеген учурда банкты тоноп кетүүнү көздөшкөнүн айткан.

Укук коргоо кызматкерлери учурда кылмышкерлерди издеп жатышат.