Жаңылыктар
Президент менен алдыңкы медиа талдоочулардын жолугушуусу өтүүдө
Саясат
Президент менен алдыңкы медиа талдоочулардын жолугушуусу өтүүдө

Ушул сааттарда Ысык-Көл жээгиндеги "Рух-Ордо" маданий борборунда жылдагыдай эле, Президент Алмазбек Атамбаев менен журналисттердин, саясат таануучулардын жана алдыңкы медиа талдоочулардын жолугушуусу өтүүдө. 

Иш-чара суроо-жооп иретинде болуп жатат. Суроолорго жооп берип жатып, өлкө башчы аймактагы геосаясий кырдаал тууралуу айтып берди. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен талдоочуларды негизинен экстремизм жана терроризм менен күрөш, алдыдагы президенттик шайлоо, баш мыйзамдагы өзгөртүүлөргө байланышкан суроолор кызыктырып жатат.