Жаңылыктар
Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында абал туруктуу
Чек ара
Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында абал туруктуу

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында абал туруктуу. Бул тууралуу облус башчы Абдикарим Алимбаев билдирди. 

Ал жеринде жашоочулар менен жолугушуп, абалынан кабар алды. Айтымында, айыл элинин коопсуздугу облустун күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө. Ошондой эле Ак-Сай менен Ворух айылдарынын ортосуна эки тараптын ички иштер кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлуп, чек аранын кооптуу аймактарында чек арачылардын жөө патрулу уюштурулган. 

Буга чейин Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух айылдарында эки тараптан жарандардын кармалышы, кыргыз жарандарынын тажик тараптан сабалышы боюнча маалымат тараган. Буга байланыштуу облус башчы ар кандай туура эмес, такталбаган маалыматтарга ишенип, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.