Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди. 

18-майда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак жергесинде Ош багыты боюнча чек ара өкүлдөрү менен Тажикстандын Ляхшск багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тозоттору мамлекеттик чек аранын Унжу-Булак жергесиндеги чек ара линиясында эл аралык юридикалык каттоодон өтмөйүнчө кайтаруу жүргүзбөйт деген чечим кабыл алынды. Биргелешкен күзөт тараптардын макулдашуусу боюнча гана ишке ашырылат. 

УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан чек ара бөлүмү штаттык режимде кызмат өтөөдө.