Жаңылыктар
Жапа чеккен прокурор эсине келди
Ден соолук
Жапа чеккен прокурор эсине келди

Кол салуудан жапа чеккен прокуратуранын кызматкери эсине келди. Бул тууралуу травматология жана ортопедия борборунун башкы врачынын орун басары Бакыт Исаков билдирди. 

Эске сала кетсек, жума күнү эртең менен Орто-Сай айылында, Лексус унаасы жарылып, улук прокурор Эркин Курманалиев жарадар болгону кабарланган. Ал эс учун жоготкон абалда, ооруканага жеткирилген. 

Учурда ал эсине келип, сүйлөп калды, бирок абалы оор бойдон экенин дарыгер айтты. Коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигине бул окуяны дыкат иликтөө боюнча өлкө башчы тапшырма берген. Коргоо кеңеши менен башкы прокуратурага да ишти көзөмөлгө алуу тапшырылган.