Кыргыз Республикасынын эл артисти Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы жеңип алган абройлуу сыйлыктары режиссёрдун колуна тапшырылды.
Аталган тасма Индиянын Калькутта шаарында өткөн эл аралык кинофестивалга катышып, “Мыкты режиссёр” номинациясын жеңип алган. Фестиваль пандемияга байланыштуу 5-12-ноябрда онлайн форматта өткөн. Ошондой эле, "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми" номинациясы боюнча "Ника" киносыйлыгына ээ болгон. Сыйлык тапшыруу аземи 25-апрель күнү Москва шаарында өткөн.
Белгилей кетсек, "Шамбала" тасмасынын сценарийи Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повесттинин негизинде жазылган. Бир жарым саатка созулган тасма Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” студиясында 2020-жылы тартылган.