Жаратылышка жасалган кыянат мамиле элдин ден соолугуна олуттуу кедергисин тийгизүүдө. “Кумтөргө” жакын жайгашкан айылдардын тургундары кенди тиешелүү талаптарды аткарбай иштетүүнүн кесепети оор болгонун билдирип жатышат. Алар мамлекет тарабынан “Центеррага” каршы көрүлүп жаткан чараларды колдоого чакырышууда.
Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын тургуну Айбек Сарыбаев “Кумтөрдүн” жаратылышка жана жергиликтүү тургундарга тийгизген олуттуу зыяны тууралуу маселени узак убакыттан бери айтып келатат. Анын айылдаштары менен бирге жасаган кайрылуулары каралбай, быйыл гана мамлекет маселеге көңүл бурганын айтууда.
Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр голд компани” ишканасын мамлекетке 261 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечимди дал ушул Сарыбаев баштаган бир нече жарандын арызынын негизинде чыгарган.