Жол кыймылынын айрым эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгеленип жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору парламентте каралууда. Ага ылайык, коопсуз шаардын камераларына түшкөн айрым эреже бузуу фактылары үчүн чегерилген айып пулду он беш күндүн ичинде төлөсө мурда 50 пайыз жеңилдик каралса, эми 70 пайыздык арзандатуу каралган.