Жаңылыктар
Чек ара чырында жабыркагандарга жардам
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара чырында жабыркагандарга жардам

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында ачылган атайын эсептерге 98 млн сом чогулду. Топтолгон каражатты бөлүштүрүү үчүн эми комиссия түзүлөт. Алар жабыркагандардын муктаждыктарына жараша каражатты таратып беришмекчи.

Чек ара чырында жабыркагандарга жардам үчүн жарандар акча каражаты менен бирге эле материалдык да салым кошушкан. Маселен, ишкерлик ассоциациялардын бири бардык техникасы менен жабдылган тез жардам унаасын тапшырган. Техника алыскы Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү жалпы медицина борборуна берилди.