Жаңылыктар
Баңгизат каналдарына бөгөт коюу
Кыргызстан жаңылыктары
Баңгизат каналдарына бөгөт коюу

Ош облусунун аймагынан 20 миллион долларга чукул баадагы жарым тоннага жакын баңгизат кармалды. Ири көлөмдөгү баңгизатты ташып бараткандарды өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети колго түшүрүп, сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Адистер коопсуздук кызматтары Кыргызстан аркылуу өтүүчү баңгизат каналдарын жоюуга чечкиндүү түрдө киришкенин белгилешет.