Жаңылыктар
Көмүр өнөр жайын өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүр өнөр жайын өнүктүрүү

Көмүр - Кыргызстандын бүткүл өнөр жайын өнүктүрүүнүн негизи. Буга байланыштуу Улуттук илимдер академиясында тегерек стол өттү. Анда көмүр өнөр жайынын учурдагы абалы, аны кайра иштетүү жаатында бир катар маселелер талкууланып, сунуштар айтылды.

Учурда энергиянын негизги булагы - газ, мунай жана көмүр. Адистердин айтымында, кайсы учур болбосун көмүргө болгон суроо талап жогору бойдон калат. Ошол себептен өлкөдө көмүрдүн көлөмүн кеңейтип, терең иштетүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу керек.