Жаңылыктар
Бишкек - Абакан аба каттамы боюнча жаңы рейс ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Абакан аба каттамы боюнча жаңы рейс ачылды

Бишкек - Абакан аба каттамы боюнча жаңы рейс ачылды. Каттам мындан ары жумасына бир жолу Боинг-737 комфортабелдүү учактары менен аткарылат. Тагыраагы, учак ар жума сайын Бишкектен Хакасияга 12:15те учуп кетсе, Абакандан Кыргызстанга 19:35те учуп келет. Билеттерди бардык авиакассалардан жети миң сомдун тегерегинде тапса болот.

Биринчи рейстин жүргүнчүлөрү болуп каттамды ишке ашырган авиакомпания жетекчилери, Маданият,маалымат жана туризм министрлигинин, “Манас” аэропортунун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү барды. Адистердин айтымында, бул рейс Хакасия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө болот.