Жогорку соттун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо башталды. Эки бош кызмат ордуна 18 талапкер ат салышууда. Талапкерлер конкреттүү кырдаалды чечүү үчүн жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарган соң, Сотторду тандоо кеңеши талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо үчүн маектешүү жүргүзөт.
Эскерте кетсек, конкурстук тандоого катышуу үчүн 18 талапкер арыз берген. Алардын ичинен бешөө судьялардын милдетин аткаруучулар жана бардык талапкерлердин соттук иш тажрыйбасы бар. Эки талапкер тестирлөөгө катышып, алардын бири босого упай топтой алган жок. Сотторду тандоо кеңеши тарабынан документтерди текшерүүнүн жыйынтыгында, бардык талапкерлерге сынактык тандоого уруксат берилди. Бүгүнкү күндө 5 талапкер конкурстук тандоого катышууда өз талапкерлигинен баш тартты.
"Соттордун макамы жөнүндө" мыйзамга ылайык, Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна талапкер 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, адистиги боюнча жогорку юридикалык билими "Юриспруденция" же академиялык бакалавр даражасы менен академиялык магистр даражасын ыйгаруу менен "юриспруденцияны" даярдоо багытындагы жогорку билим, юридикалык кесипте он жылдан кем эмес иш стажы болушу керек.