Нидерландынын Роттердам шаарында "Еврокөрсөтүү-2021" ыр сынагынын биринчи жарым финалы болду. Ага катышкан 16 мамлекеттин ырчыларынын 10у финалга жолдомо алышты.
Экинчи жарым финал 20-майда болот. Ал эми финалга чыккан 26 өлкөнүн ырчылары 22-майда мөөрөй талашат. Европалык популярдуу обондуу ырлар сынагы 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калган. "Eurovision" сынагы - 1956-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан шоу.
2019-жылы Израилде болуп, Нидерландынын ырчысы Дункан Лоуренс жеңип алган. Эрежеге ылайык, кийинки сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.