“Центерра голд” компаниясынын жетекчилиги “Кумтөрдүн” ишин үзгүлтүккө учураткысы келген.
Кенге тышкы башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын башчылары өлкөдөн чыгып кетерден мурда ишканадагы бир катар программаларды бөгөттөп койгонун билдирди.
Маалыматтык технологиялар боюнча “Элепс” глобалдык системасы пайдаланылбай турат. Бардык бөлүмдөрдүн ишин байланыштырган программанын иши токтогондуктан, өндүрүштү көзөмөлдөө татаалдашты.