Жаңылыктар
Бир нече партия өкүлдөрү шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу чечиминин күчүндө калышын талап кылышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бир нече партия өкүлдөрү шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу чечиминин күчүндө калышын талап кылышууда

Бир нече партиялардын өкүлдөрү биригип, мыйзам бузуу фактыларынан улам шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деген Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими күчүндө калышын талап кылып жатышат. 

Себеби добуш сатып алуу жана административдик ресурсту колдонуу, мыйзамсыздык менен коштолгон шайлоо - шаардык кеңешке жеке кызыкчылыгын гана көздөгөн адамдардын бийликке келишин шарттайт. Мындан тышкары биз Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош жана Токмок шаарында өткөн шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин дагы колдойбуз дешет. Партия өкүлдөрүнүн пикиринде шайлоо мурдагы же жаңы конституциянын биринин талабына ылайык өтүшү керек. 

Эскерте кетсек 11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо болуп өткөн.