Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Рысбекова Жыпариса Боронбаевна Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Ошондой эле Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:
— Арипова Айгүл Көкташевна Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин, башка актыларды аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
— Усеков Уланбек Абдилазизович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын начальнигинин орун басары — иш кагаздарын жүргүзүү, регламент жана жыйналыштарды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.