“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын акча каражаттарды алуу боюнча коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Такталган маалымат боюнча, аталган мамлекеттик ишкананын жооптуу кызматкерлери тарабынан өткөн жылдын май айынан ушул жылдын апрель айына чейин товарларды жана материалдарды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн шылтоосу менен “Генезис Плюс” жана “АтомГрупп” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун дарегине 500 млн сомдон ашык каражат которулган. Мындан тышкары, товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн көрсөтүлгөн компаниялар менен келишимдер көрсөтүлгөн учурда түзүлбөгөндүгү аныкталды.
Учурда “Кыргыз Темир Жолу” ишканасынын бюджеттик кызыкчылыктарына келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда. Муну менен катар, Жазык-процесстик кодексинин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Мамлекеттик ишкананын каржы бөлүмүнүн башчысы, жогоруда аталган эки жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчилери, ишкананын башкы директору жана уулу кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.