“Кумтөр голд компани” ишканасынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк элчилерди кендеги экологиялык абал менен таанышууга чакырды.
Ал элчилер менен бирге массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө да “Кумтөргө” сапар уюштурууга даяр экенин айтты. Буга чейин Канада менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилери кендин айланасындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу билдирүү таратып, соңку окуялар өлкөнүн инвестициялык абалына терс таасирин тийгизерин айтышкан.
“Канада, Улуу Британия жана АКШ жана башка өлкөлөрдүн элчилери менен журналисттерди “Кумтөргө” келип кетүүгө чакырабыз. Жакынкы күндөрү атайын тур уюштурулат. Кенде абал кандай экенине жана атайын программалардын өчүп калганына өзүлөрү күбө болгондон кийин биз тарапты айыптоодон карманып калышат деп ойлойм”,- деди “Кумтөр голд компани” ишканасынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк.