Бишкек шаардык мэриясынын «Маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы» мамлекеттик ишканасындагы туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ишкананын жеке кызматкерлери маркумду көмүү иш-чараларында аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө 1 миң доллардан 5 миң долларга чейин акча каражаттарын сый акы катары алып жүрүшкөн.
УКМК сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 миң сом алып жаткан жеринен аталган мамлекеттик ишкананын кызматкерин кармады. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иштерге катыштыгы бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.