Ош шаардык мэриясы менен шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн "Жылдын мыкты тарбиячысы-2021" кароо-сынагынын да жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдү шаар мэри Таалайбек Сарыбашов сыйлады. Мэр бала бакчаларга өзгөчө көңүл бурула баштаганына токтолуп, жаңы балдар бакчаларын куруу иштери уланып жатканын айтты.
“2 жарым жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен заманбап 3 бала бакчаны пайдаланууга бердик. Жакында дагы 2 бала бакчаны пайдаланууга тапшырабыз. Быйылкы жылдын бюджетинен да 3 бала бакчанын курулушун баштайбыз. Сиздерден сураныч жана талабым балдарга татыктуу тарбия бериңиздер. Биз шарт түзүүнүн үстүнөн иштейбиз. Кичи райондорго да балдар аянтчаларын курууну колго алдык”,- деди мэр.
Сынак 10-март күнү старт алып, шаардагы мамлекеттик бала бакчалардан 42 тарбиячы катышкан. Мэрия тарабынан 1-2-3-баскычтарынын катышуучуларына үй-тиричилик буюмдары тапшырылды. Ал эми "Мыкты тарбиячы- 2021" кароо сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер берилди.
1- орун - №61 балдар бакчасынын тарбиячысы Маргарита Нагаева - 120 миң сом;
2- орун - №35- балдар бакчасынын тарбиячысы Нигора Маматалиева - 70 миң сом;
3- орун - №41 балдар бакчасынын тарбиячысы Барно Тапбалдиева - 50 миң сом;
4- орун - Сайкал Абилова - ноутбук;
5- орун - Нургул Ахматалиева - муздаткыч;
6- орун - Гулнара Усманова муздаткыч;
7- орун - Дилорам Усмановага кир жуучу машина.