Билим берүү жана илим тармагындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө. Бул тууралуу атайын жыйын өтүп, эл өкүлдөрү билим берүү жаатындагы адистер тармакты жакшыртуу пландарын талкуулады.
Анда билим берүү программасын азыркы заман талабына жараша кароо, керектүү адистиктерди көбөйтүп, эскиргендерин тизмеден чыгаруу, орто билим берүүдө сабактардын саатын рынок шартындагы талапка жараша өзгөртүү пландары айтылды.
Негизги алты мыйзам каралып, катышкан эксперттердин сунуш пикирлери эске алынды. Эми февраль айында чыккан президенттин жарлыгына жараша өзгөртүүлөр киргизилет.