Улуттук илимдер академиясында өткөн эл аралык илимий практикалык жыйында мамлекеттик жана коомдук ишмер Касым Тыныстановдун билим берүү тармагына сиңирген эмгеги туурасында сөз болду.
Анда өткөн кылымдын 20-жылдарынан баштап өзунүн кыска өмүрүндө кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө зор салым кошуп, эгемен өлкө болушун көктөн эңсеп күткөн чыныгы кыргыз атуулу болгонун эскеришти. Кыргыз тил илиминин түптөөчүсү, жазма адабиятынын негиз салуучусу, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, реформатор жана биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата иш-чаралардын планы талкууланды.
Касым Тыныстанов 26 жашында билим берүү министри болуп 3 жылдан ашык убакытта жүзгө жетпегек чакан мектептердин санын 900дөн ашырган. Аны менен катар кыргыз тилинин СССР маалында эне тил катары калыптанышына эбегейсиз эмгек жумшаган. Ал 1937-жылы эч себепсиз камакка алынып, СССРдин Жогорку сотунун аскердик коллегиясынын чечими менен атылган. Аты илимий чөйрөдө эскерилбей, өзү даярдаган бир нече эмгеги жарыкка чыкпай, жасаган эмгектери бааланбай калган. 1957-жылы ага карата чыккан өкүмдөрдүн баары жокко чыгарылган. Партиянын Борбордук комитети илимпозду актап, анын кыргыз илим чөйрөсүндөгү ишмердиктери кайрадан бааланып, адабий мурастары тууралуу тарыхый чындык ордуна келтирилген.