Жаңылыктар
Кыргызстан - Түркия: туризм тармагындагы кызматташуу, долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды
Туризм
Кыргызстан - Түркия: туризм тармагындагы кызматташуу, долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Түркиянын маданият жана туризм министрлигине караштуу Түркия кызматташтык жана координация агенттигинин программасынын координатору Осман Уста менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандын туризм тармагындагы приоритетүү долбоорлорду ишке ашыруу, мындан ары дагы кызматташтыкты чыңдоо иш-аракеттерин талкуулашты. Кыргызстандын аймагына кошумча туристтик көрсөткүчтөрдү жана санарип алкагында тарыхый, маданий туристтик объектилерди сүрөттөөчү QR-коддорду орнотуу, биргелешип иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.