Жаңылыктар
Индия: табышмактуу өлкөгө болгон саякат
Кыргызстан жаңылыктары
Индия: табышмактуу өлкөгө болгон саякат

Жакында, КТРКнын кызматкерлери Индияга болгон кызматтык сапарынан кайтып келишти. Сапарды Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен Индиянын Тышкы иштер министрлиги уюштуруп беришкен.

Индиянын бир канча шаарларында болгон КТРКнын кызматерлери, өлкөнүн учурдагы жашоосуна, учурдагы  өнүгүү шартына күбө болуп кайтышты. 



"Миллионерлердин жана киножылдыздардын шаары болгон Бомбейдин учурдагы көрүнүшү абдан катуу таасир калтырды. Аталган шаарда өлкөнүн негизги портторунун бири жайгашыптыр. Мындан тышкары бул жерде индиялык киноиндустриясынын жүрөгү болгон Болливуд өзгөчө кызыгууну арттырат экен. Ал эми Гао шаарын - жер жүзүндөгү кооз жерлердин бирине салыштыргым келди.

Бул жерде көпчүлүгү орус тилинде сүйлөп жатышты. Негизинен эле жергиликтүу эл башка тилдерди тез эле үйрөнүп алышат экен. Ар кандай эмоцияны жараткан Индия өлкөсүнө карата жагымдуу гана таасир калды", - дейт кызматтык сапарынан кайткан КТРКнын СЭИП редакциясынын редактору Виктория Евсеенкова.