Жаңылыктар
Жабыркагандарга камсыздандыруунун пайдасы тийди
Кыргызстан жаңылыктары
Жабыркагандарга камсыздандыруунун пайдасы тийди

18-июль күнү болгон катуу шамалдан улам Казарман айылында жалпысынан 49 турак-үй жабыр тарткан. Тогуз-Торо райондук жарандарды коргоо комиссиясы каттаган актыга ылайык жоготуунун көлөмү 420 миң сомдон ашкан. Жабыркаган 42 үйдүн ичинен болгону бир гана үйдүн ээси мурда турак жайын 600 сом төлөп камсыздандырган. Бул жаранга мамлекеттик камсыздандыруу уюму толугу менен зыянга учураган чыгымдарын төлөп берди. 

 18-июль күнү Тогуз-Торо районунун аймагында секундасына 27 - 30 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Кечки тогуздар чамасында катуу жамгыр менен коштолгон шамал Казарман айылындагы 49 турак-үй менен бир катар социалдык обьектилердин чатырын учуруп кеткен. Алардын катарында Анара Итигулованын да үйү бар.

Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну Анара Итигулова: "Мен үйүм жабыркап ушул акчаны алып пайдаланып калайын деп ойлободум эле, 600 сом болсо да мамлекетибизге пайда болсун деген ниетте үйүмдү камсыздандыруудан өткөргөн элем, ушундай окуя болуп эми сиздерден минтип колдоо алып отурам, сиздерге, президентибизге чоң ыраазычылыгымды айтмакчымын".

Жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендер ар кимиси колунан келишинче үйлөрүнүн чатырларын оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Жалгыз Анара Итигуловага гана мамлекеттик камсыздандыруу уюму үйүнүн чатырын толук калыбына келтирүү үчүн 30 миң сом төлөп берди. Анткени, бул жаран мамлекеттик камсыздандыруудан өткөн.

 Турак-жайды камсыздандыруудан өткөрүү жарандардын кызыкчылыгын камсыздоо максатында аткарылып жатат. Калк турак-жайды камсыздандыруу менен кырсык болгон учурда компенсация алууга мүмкүнчүлүк алат. Камсыздандырууда айрым мекендештерибиз үчүн жеңилдиктер да каралган.

Тогуз-Торо району боюнча 31 жаран мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна өз турак-жайын камсыздандырган. Учурда калкка түшүндүрүү иштери улантылууда.
 Камсыздандыруу уюмуна айыл жергесиндеги турак-жай ээлери жылына 600 сом, ал эми шаардыктар 1200 сом төлөйт. Эгер кырсык болгон учурда айыл жергесиндеги турак-жайлар материалдык жактан колдоо катары 500 миң сом, шаардагы турак-жайлар болсо 1 миллион сомго чейин каражат алууга жол ачылат.