Ишкананын жаңы жетекчилиги өндүрүштү токтотпой, улантууга аракет көрүүдө. Көйгөйлүү маселелер бар, бирок аны жөнгө салууга мүмкүнчүлүк жетиштүү экени белгилүү. Коомчулукта тышкы башкаруу абалды жеңилдетеби деген маселе жаралды.
Кыргызстан менен "Центерранын" ортосундагы талаш "Кумтөргө" тышкы башкаруу киргизүү зарылчылыгын жаратты. Башкаруусуз калган ишканада ишти улантуу үчүн барган жаңы жетекчилик бир катар олуттуу тоскоолдуктарга учурады. Канадалык компаниянын өкүлдөрү кенди тейлеген бир катар заманбап жабдууларды,программаларды өчүрүп салгандыктан, өндүрүш колго башкарылууда. Эми аларды калыбына келтирип, ар ай сайын 50 миллион долларлык алтын өндүрүү максат кылынып жатат.