Жаңылыктар
А. Атамбаев: Эч кандай мураскер даярдабайм
Саясат
А. Атамбаев: Эч кандай мураскер даярдабайм

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Чолпон-Ата шаарында журналисттер менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Маалымат жыйынга өлкө аймагынан 50дөн ашык медиа мекемелердин өкүлдөрү катышып, өлкө башчы жалпы 40 жакын суроого жооп берди. Анын ичинен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, саясий-экономикалык маселелер жана тышкы саясаттан тартып, жеке жашоосуна чейинки суроолор берилди. Маалымат жыйын быйыл көл жээгинде экинчи жолу өтүп жатат. 

Маалымат жыйын Чолпон-Атадагы Рух-Ордо маданий комплексинде уюштурулган. Жолугушууга 50дөн ашык журналисттер, эксперттер катышты. Суроолордун санына жана маани-манызына эч кандай чектөө жок. Алгачкы эле суроо Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгелер.

Маалымат жыйында Конституцияга байланыштуу онго жакын суроо берилди. Башмыйзамды өзгөртүү менен Алмазбек Атамбаев экинчи мөөнөткө барарын, айрымдар өкмөт башчылыкты көздөп жатат деген айың-кептердин бардыгын президент өз жооптору менен жокко чыгарды.

Өлкө башчы кийинки президенттик шайлоого эч кандай мураскер даярдоо да болбосун билдирди. Кимдир бирөөнү ачык-айкын колдоп, сүрөбөйт дагы. Башкы максаты- таза шайлоо өткөрүп, бирок Кыргызстандын келечегин ойлогон президент келиши керек дейт.

Референдум өткөндөн кийин парламент тарабайт, бийликти бир колго топтоо максаты да болбойт. Президент Алмазбек Атамбаев тескерисинче депутаттар кийинки шайлоолорго чейин парламентке бара турган депутаттардын тизмесин өзгөртпөө, күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча бир нече мыйзамдарды кабыл алышы керек деп билдирди.
Журналисттерди кызыктырган дагы бир маанилүү суроо- Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки жыйынтыктар, анын пайда-зыяны тууралуу болду. Президент биримдиктин алкагында өлкө айрым кемчиликтерге туш болуп жатканын четке каккан жок, бирок бул бирликтин келечеги, андан көрө турган пайдаларды да эскерте кетти.

Тышкы саясатты улай кабарчылар Түркия менен Кыргызстандын акыркы кездердеги мамилесине кызыгышты. Түркия июль айындагы мамлекеттик төңкөрүш аракеттерине байланыштуу Кыргызстандан Фетхулах Гүлендин байланышы бар делген бардык билим берүү мекемелерин жабууну талап кылган. Анын ичинде көп сандаган Себат лицейлери бар. Өлкө башчы боордош мамлекеттин мындай талабын негизсиз деп, башка мамлекеттин ички ишине кийлигишүү туура эместигин эскертти.

Андан ары президентке өлкөдөгү диний кырдаал боюнча суроолор берилди. Дин өкүлдөрүнүн саясатка аралашуусу, кыргыздын улуттук кийими менен хиджабдын айырмасы. Алмазбек Атамбаевдин айтымында мамлекет дин тармагын жөнгө салуу боюнча жаңы бир деңгээлге чыгууну көздөйт.

Президенттин чыгармачылыгына кызыккан кабарчылар да четтен чыгат. Акыркы айларда анын орус тилинде жазылган төрт ыры жарык көрдү. Өлкө башчы эмне үчүн ушул убакта ырларын жазууга бел байлады, анын дагы кандай өнөрлөрү бар деген суроолор.
Ошондой эле оппозициянын кадамдары тууралуу суроого жооп берип жатып президент аларды конструктивдүү болууга чакырды. Оппозиция пайда болгон маселелерди кашаадан секирүү жолу менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечиши керек дейт.
Андан соң паспорттон улуту боюнча “графаны” алып салуу боюнча президенттин пикирин сурашты. Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө өлкөдө кыргыз жараны деген түшүнүктү калыптандыруу зарылдыгын, 5-графаны алып салуу мезгил талабы экенин, мындан эч кандай жаман нерсе көрбөй турганын белгиледи. 



Бир айдан кийин Ысык-Көлдө дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөнү турат. Анын даярдыктарына болгон күч-аракеттер жумшалууда. Балыкчы-Корумду жолу оңдолуп, Бактуу-Долонотуда ат майданынын курулушу кызуу жүрүп жатат. Мында маселе- даярдыктар өз убагында бүткөрүлөбү?

Андан ары президентке эл аралык мамилелер, глобалдык коопсуздук маселелери боюнча суроолор берилди. Кыргыз армиясынын азыркы абалы, Кыргызстан 25 жылда эмне жоготуп эмне тапты? Аны менен бирге өлкө башчынын үй-бүлөсү тууралуу суроо берилип, президент балдарын кандай тарбияларына кызыгышты?
Быйыл президент Алмазбек Атамбаев 60 жашка чыгат. Өлкө башчы мааракесин кайда, кантип өткөрөрүн сурашты. Алмазбек Атамбаев туулган күнүн күздө КМШ мамлекеттеринин саммити учурунда президенттер менен бирге белгилерин билдирди. 2 жарым саатта президент 40тан ашык суроого жооп берди. Маалымат жыйынга катышкан эксперттер суроо-жооптордун ачык-айкындуулугу, бүгүнкү күнгө актуалдуу делген маселелер боюнча ойлорун билдиришти.
Президент сөзүнүн соңунда журналисттерге кайрылып, өлкөдө жакшы жагына болгон өзгөрүүлөр басымдуу экенин, журналисттерди объективдүү чагылдырууга чакырды. Ал эми бул өңдүү маалымат жыйындарды жыл сайын өткөрүп, келечекте адатка айлантуу керек экени баса белгиленди.