Жаңылыктар
Кыргызстан-Россия аба каттамдарынын санын көбөйтүү маселеси талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Россия аба каттамдарынын санын көбөйтүү маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россиянын Транспорт министрлигинин Федералдык аба транспорту агенттигинин жетекчиси Александр Нерадько менен жолугушуусунда белгилүү болду. 

Элчиликтин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу каттамдарды көбөйтүү жана Кыргызстандагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууну талкуулашты. 

Мындан тышкары, мамлекеттердин ортосундагы чартердик каттамдардын жүгүртмөсү, Кыргызстандын "COVID-19суз саякаттоо" мобилдик тиркемеси, маалымат алмашуу жана Кыргызстандан Россиянын шаарларына учуу багытын кеңейтүү маселелери каралды.