Жаңылыктар
Кыргызстанда 29 жаран ID-карталарын акысыз негизде алды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 29 жаран ID-карталарын акысыз негизде алды

Кыргызстанда 20-майга карата 29 жаран 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-карталарын акысыз негизде алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 29 кыргызстандыктын ичинен 26сы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Үчөө жаңы 18ге чыккан. 

Учурда дагы 784 адамдын ID-картасын даярдоо маселеси каралууда. 1-майдан 31-августка чейин толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган 16 жаштагы балдар, ата-энеси жок 18 жашка чейинкилер, интернаттарда жашаган бардык топтогу майыптар, толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана карылар үйүндө жашаган улгайган адамдар, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучулары акысыз паспорт алышат.