Жаңылыктар
“Курал-2021” биргелешкен машыгуусун уюштуруу жана өткөрүү боюнча жолугушуу болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
“Курал-2021” биргелешкен машыгуусун уюштуруу жана өткөрүү боюнча жолугушуу болуп өттү

Коргоо министрлигинде “Курал-2021” биргелешкен машыгуусун уюштуруу жана өткөрүү боюнча Кыргызстандын, Россиянын Коргоо ведомстволорунун жана ЖККУнун Бириккен штабынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен машыгуу өткөрүү идеясынын негиздери талкууланды. 

ЖККУга мүчө мамлекеттердин жетекчилик аппаратынын, ыкчам топторунун жана контингентинин курамы, ар тараптуу колдоо маселелери тууралуу сөз болду. Машыгууну ушул жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстанда өткөрүү пландалууда.