Жаңылыктар
Баткенде аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча мобилдүү топтор түзүлүп, аймактарга жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча мобилдүү топтор түзүлүп, аймактарга жөнөтүлдү

Баткенде аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча мобилдүү топтор түзүлүп, аймактарга жөнөтүлдү. Буга чейин облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев район-шаар башчыларынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөргөн. 

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялардан соң, чек аралаш аймактарда аткезчиликке бөгөт коюу максатында ыктыярдуу жаштардан түзүлгөн топтор менен биргеликте иш алып баруу үчүн мобилдүү топторду түзүү маселеси каралды. 

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Ички иштер органдарынын, Бажы жана Салык кызматтарынын, ошондой эле УКМКнын кызматкерлеринен турган төрт мобилдүү топ түзүлүп, Кулунду, Арка, Самаркандек жана Кара-Бак айыл аймактарындагы аткезчилик тобокелчилиги бар аймактарга жөнөтүлдү.