Бишкектеги №5 гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу 75 пайызга аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен кабарлады.
Учурда подряддык уюм тарабынан ички жасалгалоо иштери, терезелер менен эшиктерди орнотуу, ошондой эле суу менен жабдуу иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, 375 орунга эсептелген билим берүү мекемесинин курулушу 2020-жылдын январында Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен башталган. Сметалык наркы 1 млн 600 миң доллар. Кошумча корпустун курулушун бүткөрүү жаңы окуу жылына пландаштырылган.