Жаңылыктар
Социал-демократтар партиясынын XV съезди болуп өттү
Саясат
Социал-демократтар партиясынын XV съезди болуп өттү

 Ысык-Көлдөгү Рух-Ордо маданий этнографиялык борборунда Кыргызстан Социал Демократтар Партиясынын кезектеги 15-съезди болуп өттү. Өлкөнүн ар аймактарынан 200дөн ашуун партия мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр, жана бир катар министрликтер, ошондой эле Жогорку Кеңештеги башка партиялардын лидерлери бул съездге конок катары чакырылган. Съезд учурунда өлкөнүн саясий-экономикалык өнүгүшү, коомдук саясий абал талкууга алынды. Эң негизгиси, быйыл күз айларында боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшү талкууга алынды.

 1993-жылы негизделген социал-демократтар партиясы 23-жылдан бери Кыргызстандын аймагында алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет. Жыйынтыктарды чыгаруу, мындан аркы кадамдарды талкууга алуучу 15-съездге өлкө боюнча 216 делегат чакырылган...
 

Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат башчысы Фарид Ниязов: "Кыргыз элинин, коомчулуктун жана саясый өкүлдөрдүн жардамы менен Кыргызстан бир топ ийгиликтерди жарата алды. Акыркы жылдарды алып карасак, Кыргызстан жакыр деп эсептелинген өлкөлөрдүн катарынан чыкты, бул - эң мыкты көрсөткүч. Мындай көрүнүш өлкөдө болооруна мындан беш жыл мурун ким ишенди эле. Кыргызстанда тынчтык жана туруктуулук орноду. Кыргыз элинин көптөгөн максаттары ишке ашты, эл алдыга умтулууда. Мунун баардыгында албетте КСДП партиясынын ар бир мүчөсүнүн салымы бар".

Кезектеги 15-курултайда негизги төрт маселе күн тартибине коюлган. Алар - өлкөдөгү коомдук саясий абал жөнүндө, 2016-жылдын күз айларында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо, партиясынын уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана саясий кеңеши жөнүндө болду.

Мындан тышкары, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси жөнүндө журналисттерге кеңири маалымат берилди.

"Конституциялык өзгөртүүлөрдү алып кирип жаткан топтун дагы пикирин бүгүнкү съездде талкууладык. Бүгүнкү күндө шайланган органдар, анын ичинде парламент өзүнүн мөөнөтүнүн акырына чейин иштейт. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты парламенттик башкаруу системасына эмне керек болсо, ошонун баары бийликтин бутактары, парламент жасап кетүүгө аракет көрөт", - деп белгиледи Чыныбай Турсунбеков.
Cъезддин соңунда партия мүчөлөрү Кыргызстандын өнүгүшүнө мындан ары дагы салым кошуп, мыйзам чегинде иш алып барууга баардык күч аракетти жумшай тургандыгын белгилешти.