Жаңылыктар
Бишкек - Абакан жаңы аба каттам ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Абакан жаңы аба каттам ачылды

Өткөн жуманын аягында Бишкек - Абакан аба каттамы ачылды. Каттам мындан ары Боинг-737 комфортабелдүү учактары менен кызмат көрсөтөт. Алгачкы рейстин жүргүнчүлөрү - каттамды жүргүзгөн авиакомпания жетекчилери, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, “Манас” аэропортунун өкүлдөрү жана журналисттер болду. 

Абакан шаарында 20 миңге жакын кыргыз жарандары бар. Мурун болсо алар жолдун алыстыгынан өз мекенине тез-тезден келе алчу эмес. Эми болсо жаңы рейстин ачылышы менен мындай мүмкүнчүлүк пайда болду.
 Таалайбек Асаналиев 20 жылдан бери Тыва республикасынын Кызыл шаарында жашап келет. Мекенине келиш үчүн автобустан учакка, кайра учактан автобуска которулуп, убара тартчу. Жолдун алыстыгы менен жолкиренин кымбаттыгынын ал туугандарына барып-келүүнү токтотууга аргасыз болгон.

"Бул рейс ачылып абдан жакшы болду. Кадимкидей жеңилдеп калдык. Мурун Красноярсктан 3-4 саат учуп, андан соң кызылга жетиш үчүн 1000 км автобуста жүрчүбүз. Эми Абакан-Бишкек рейси ачылып, жолубуз эки эсеге азайды" - дейт Т.Асаналиев.

Эми жүргүнчүлөр 2 жарым саатка жетпей Бишкектен Абаканга келүүгө мүмкүнчүлүк алды. Мындай жаңылык албетте, жүргүнчүлөрдүн көңүлүнө төп келди.

Авиакомпаниянын өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө билеттерге муктаж адамдар көп болду. Алгачкы каттамда эле аба кемесинде орун калбай калган.
Абаканда биринчи рейсти мыкты деңгээлде күтүп алышты. Ал тургай пресс-конференция да уюштурушту.
Чогулгандардын айтымында, бул каттам эки өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошот.

Хакасия Республикасынын мамлекеттик туризм комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Анжелика Чегтылмашева:  "Биздин жарандар Кыргызстанда эс алганды абдан жактырышат. Сиздердин кооз жана пайдалуу жериниздер абдан көп. Айта кетсек, Ысык-Көл, Ысык-Ата, Ош. Менин оюмча бул каттам аркылуу силердин жарандарыңар биздин өлкөбүзгө келип бул жактан да өзүнө жага турган жерлерди табышат деген үмүттөмүн".
"Сибирь - бул биздин потенциалдуу рыногубуз. Ушул жактан көп туристер келет. Мына азыр прес-конференцияда да айтылды, рейстин толгону да айтып жатат, Ысык-Көлгө болгон талап аябай жогору экен бул жерде. Мен ойлой, Абакандан учкан рейс, жанындагы Тыва жана башка шаарлардын жашоочуларында ала кетип бир жакшы маршрутка айланат деп" - дейт Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов.
 Азырынча бул каттам сезонго карата туруктуу ишке ашууда. Учак ар жума сайын Бишкектен Абаканга 12:15те учуп кетсе, 19:35 кайтып келет. Билеттерди бардык авиакассалардан жети миң сомдун тегерегинде тапса болот. Адистердин айтымында, жүргүчүлөрдүн саны көп болсо, каттам туруктуу мүнөзгө айланат.