Мерсико уюму Кыргызстандын билим берүү мекемелерине азык-түлүктөн колдоо көрсөтүүнү улантат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу АКШнын Айыл чарба департаменти тарабынан каржылануучу МакГоверн-Доулдун “Билим берүү жана балдардын тамактануусу үчүн азык-түлүк” программасы колдоо көрсөтүүсүн улантат. Кыргызстандагы Мерсико уюмунан билдиришкендей, 2021-жылдын аягына чейин Программанын максаттуу мектептери үчүн күрүч, жашыл буурчак, жасмык жана күн карама майы сыяктуу азыктарды берүүнү ушул жылдын айгуст айында улантат.