Жаңылыктар
Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавируска каршы 2 миң 275 адам эмдөөдөн өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавируска каршы 2 миң 275 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавируска каршы 2 миң 275 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 680и экинчи доза алгандар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди. 

Маалыматка ылайык, 23-майга карата күнгө карата өлкө боюнча 71 миң 774 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.