Чек ара - маанилүү маселелердин бири. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош облусунун Чоң-Алай районунун чектеш айылдарынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.
"Бул маселени чечүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Биз аны сөзсүз түрдө чечебиз", - деди Улукбек Марипов. Андан соң министрлер кабинетинин башчысы "Карамык" чек ара заставасына барып, "Карамык - Автожол" жаңы өткөрүү пунктунун курулушу менен таанышты. Өткөрүү пунктунда чек ара, бажы, санитардык-карантиндик, ветеринардык-фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл жүргүзүлөт.
Обьекттеги курулуштун негизги бөлүгү апрелде жыйынтыкталган, өткөрүү пункту бажы кызматына берилген. Бардык курулуш иштери жыйынтыкталган соң, өткөрүү пункту толугу менен пайдаланууга берилет.