Ички иштер министри Улан Ниязбеков 24-майда окуу жылынын аякташына байланыштуу коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иштерди күчөтүү үчүн милициянын бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.
Онлайн чогулушта Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, быйылкы жылы республиканын аймагында орун алган 2 миң 296 мектепте “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралары коронавирус илдетине байланыштуу онлайн-форматта өткөрүү чечими кабыл алынгандыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чараларын өткөрүү учурунда, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын иш-мерчем түзүлүп, күч каражаттардын эсеби такталды.
Иш-чараларды өткөрүү учурунда, республика боюнча коомдук тартипти камсыздоого милициянын 3391 кызматкери тартылат. Ошону менен бирге ички иштер органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери бул иш-чараларга жооптуу болуп бекитилди.