Жаңылыктар
Баткенде "Акыркы коңгуроо" салтанаты онлайн өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде  "Акыркы коңгуроо" салтанаты онлайн өтөт

Баткен облусунда мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн "Акыркы коңгуроо" салтанаты онлайн өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык оперативдүү штабы, Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, 2021-жылдын 25-май күнү "Акыркы коңгуроо" салтанатын онлайн форматта өткөрүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле окуучулар арасында бүтүрүү кечелерин, 10-20-30-40 жылдык юбилейлик мааракелерге чектөө сунушталган. Бул боюнча өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругу чыкты. 

Ага ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Баткен облусунун аймагындагы бүтүрүүчүлөрдүн жана коомчулуктун саламаттыгы үчүн 25-май күнү "Акыркы коңгуроо" салтанаты онлайн форматында өткөрүлөт. Ал күндөрү коомдук саясий абалды көзөмөлдөө, окуучулар, бүтүрүүчүлөр арасында тартип бузууларды болтурбоону камсыз кылуу жагы облустун ички иштер башкармалыгына милдеттендирилди. 

Белгилей кетсек, окуу жылынын аяктаганына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу чыккан. Анда пандемияга байланыштуу билим берүү уюмдарында, бүтүрүүчүлөргө арналган ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгы белгиленген.