"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы борбордун башкы мунарасы — Бишкек-Тауэрдин эскизин түздү. Мекеме азыр көп каражат талап кылган ири имарат кура турчу мезгил эмес экенин, бирок келечекте ишке ашышы мүмкүн деген үмүт менен эскиз иштелип чыкканын белгиледи. "Мунаранын негизги максаты — Астана шаарынын "Байтерек", Ирандын борбору Тегерандагы "Азади", Париждеги Эйфель жана дүйнөнүн башка шаарларындагы белгилүү мунаралар сыяктуу Кыргызстандын борборунун көрүнүктүү символу боло турган объект куруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Мунара шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашышы мүмкүн, себеби үстүндө туруп калаага байкоо жүргүзсө болот. Имарат үч түркүктөн туруп, ортосуна айнек пирамида жайгашат. Үстүнө купол орнотулуп, ал алтын түстүү түндүк менен жабылып, үстүнө шиш найза бекитилет. Мунаранын бийиктиги 65 метр болот. Имараттын негизги түсү ак болуп, кээ бир элементтерине алтын жана күмүш түстөр берилмекчи.
Мунара шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашышы мүмкүн, себеби бийиктиктен туруп калаага байкоо жүргүзсө болот. Мунаранын образы "Манас" эпосундагы Айкөл Манас баатырды сүрөттөгөн саптардан түзүлгөнү белгиленди. "Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн бүткөндөй — мунаранын сырткы бетиндеги элементтердин, конструкциялардын ошол түстөргө боёлушу.
Асты жагы күмүш түспөл үстү жагы алтын түстүү. Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй — мунаранын вертикалдуулугу, асман тиреген келбеттүү түркүктөрү. Айың менен Күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй — Күн жана Ай. Ай алдында дайранын толкунунан бүткөндөй — Ай формасындагы фонтандык комплекстеги суу толкуну, атырылып чыгуусу. Алардын жарыктандырылуусу. Асмандагы Ай-Күндүн жаркынынан бүткөндөй — түнкү көрүнүшүндө жарык берүүнүн, нур чачуунун натыйжасында каралат", — деп айтылат маалыматта. Манастын образынан сырткары, мунарада кыргызга тиешелүү сакралдуу образдар, ыйык белгилер, символдор камтылган. Ошондой эле архитектура тили менен чакырыктар жана ураандар берилет.