Жаңылыктар
Тайлак Баатырдын 220 жылдык мааракеси белгиленди
Маданият
Тайлак Баатырдын 220 жылдык мааракеси белгиленди

Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда Соң-Көл жайлоосунда тарыхый инсан жана кыраан кол башчы Тайлак Баатырдын 220 жылдык мааракеси белгиленди. Анда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү, элчиликтер, чет элдик коноктор катышты. Маданий иш чара баатырдын заманын чагылдырган сахналаштырылган оюн менен башталып, улуттук ат оюндары менен жыйынтыкталды. 

Көл жээгине улуттук маданиятты, байыркы кыргыздардын жашоосун элестеткен 7 кыргыз айылдары түшкөн. Мааракеге карата Тайлак Баатырдын күмбөзү оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн. Ал эми 29-июлда туризмди өнүктүрүү максатында Соң-Көлдө “Манас, маданият жана туризм” фестивалы уюштурулду.