“Кыргызалтын” ишканасы канадалык Сenterra компаниясынын 12-майда 29 миллион доллардай которуулар боюнча айыптоосуна жооп берди. “Кыргызалтын” ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, 12-майда жана кийинки күндөрү эч кандай финансылык операциялар жүргүзүлгөн эмес.
“Ошондой эле кыргызстандык ишкана жасалма төлөм документтер менен алектенбейт. “Кыргызалтын” ар дайым мыйзамды сыйлайт жана кадыр-баркы жогору акционердик коом болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд Компани” ишканасына сырттан башкарууну киргизүү боюнча токтом кабыл алган. Мындан улам “Кыргызалтын” 12-майда каржы операцияларды “Кумтөр” менен жүргүзгөн эмес. “Кыргызалтын” Сenterra ишканасын мындан ары негизсиз айыптоолордон алыс болууга чакырат.