Жаңылыктар
Туристердин агымы жылдагыдан 20%га кыскарды
Туризм
Туристердин агымы жылдагыдан 20%га кыскарды

Быйыл Кыргызстанга келген туристердин агымы жылдагыдан 20 пайызга кыскарды. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкуловдун билдирүүсү боюнча буга туруксуз аба ырайы менен катар алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө орун алган кризистик кыйынчылыктар түрткү болууда. 

Ал арада жергиликтүү тургундар соңку кезде туристерди  жаратылыштын кооздугу менен улуттук тамактар көбүрөөк кызыктыра баштаганын айтышат.